|
Алдынала чаралар
|
|
АЛДЫНАЛА ЧАРАЛАР – эларалык укукта мамлекеттердин коомчулугу тарабынан БУУнун Уставынын негизинде колдонулуучу жана тынчтыкка коркунучту, тынчтыкты бузууну жана баскынчылык актысын алдыналууга багытталган жамааттык чаралар. БУУнун Уставында А. ч-дын 2 түрү көрсөтүлгөн: куралдуу күчтөрдү колдонууга байланышпаган чаралар (экономикалык мамилелерди, текмиржол, деңиз, аба жана башка каражаттардын катнашын толук же жарым-жартылай токтотуу, ошондой эле дипломаттык мамилелерди үзүү) жана БУУга мүчө-мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн колдонуу чаралары. Мындай чаралар тууралуу чечимдер БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан, бир добуштан принцибинин негизинде гана кабыл алынат
|